• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде дарыгерлер үчүн 500 комплект коргонуучу каражаттар алынып келинди

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Баткен облусуна 500 даана атайын коргонуучу каражаттар алынып келинди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, комплекттин ичинде беткап, көз айнек жана костюм бар. Бул комплект формалар облустагы саламаттык сактоо кызматкерлерине жана санитардык-карантиндик көзөмөл постторундагы кызматкерлерге берилет.

Мындай кийим-кечелер муктаждыкка жараша дагы алынып келинет.

Белгилей кетсек, буга чейин Фергана облусунан 2600 даана таңгакталган медициналык марли жана 1 тонна 400 кг дезинфекциялоочу каражаттар алынып келинген.

Учурда бул сыяктуу коргонуучу кийимдер жергиликтүү тигүү цехтеринде да даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий