• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасы жүк ташуу үчүн ачык - Асрандиев

Коом 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасы жүк ташуучу үчүн ачык. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Ак-Тилек жана Чоң-Капка өткөрмө бекеттери жүк ташуу үчүн ачык. “Азыркы убакта Казакстандан ун, өсүмдүк майы жана дагы бир катар азык-түлүктөр ташылып келүүдө”,- деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө COVID-2019 илдетин жуктургандардын саны 14кө жетти (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Республика боюнча 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий