• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарындагы Береке жана Адилет базарында бир кап ун 1 миң 450 сомдон сатылууда

Аймак 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Азыркы учурда Жалал-Абад шаарындагы Береке жана Адилет базарларында бир кап ун 1 миң 450 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясы билдирди.

"Бишкек шаарынан ата-мекендик өндүрүштөгү 1-сорттогу 25 тонна ун алынып келген. Тургундарга ыңгайлуулук жаратуу максатында сатуудагы баасы шаар мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынууда", - деп билдирет мэрия.

Мэриядан белгилешкендей, алдыдагы күндөрү да керектөөчүлөрдүн талабына ылайык, Жалал-Абад шаарындагы азык-түлүк саткан базарларга ун алынып келет.

Пикир

Оставить комментарий