• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пенсия, жөлөкпулдар өз убагында төлөнүп турат – Асрандиев

Коом 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Пенсия, жөлөкпулдар өз убагында төлөнүп турат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал маалымат жыйында коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалда экономика жана бизнеске кандай колдоо болору, азык-түлүк менен камсыздоо тууралуу маалымат берип, жөлөкпул, пенсия боюнча маселе жаралбай турганын айтты.

"Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине (анын ичинде каникулга таратылган мугалимдердин) айлык акысы боюнча төлөмдөр, пенсиялар, жөлөкпулдар, ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарына төлөмдөр толук көлөмдө жана өз убагында төлөнөт", - деди ал.

Учурда өлкөдө COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14кө жетет (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий