• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы аскер курсанттары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-октябрда, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун акимдери Бишкек шаарындагы Советтер союзунун Баатыры, генерал-майору Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейиндеги Баткен облусунан келип, окуп жаткан аскер курсанттарынан кабар алып, алар менен баарлашты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ыйгарым укуктуу өкүл аталган окуу жайда окуп жаткан аскер курсанттары менен баарлашуу учурунда, Баткен облусу үчүн быйылкы жыл оор болгонун баса белгилеп, Баткен облусунан аскер адамдарын, кадр чыгаруу экенин айтты.

"Анан да бул окууга Баткенге өзгөчө көңүл бурулгандыгын айтып, КР президенти Садыр Жапаровдун жана Коргоо министрлигинин колдоосу менен 57 бала окуп жатканын баса белгиледи. Облус башчысы өз сөзүндө, силер элдин, мамлекеттин керегине жараган, күчтүү офицер болуп тарбияланышыңар керек. Биз жана жалпы Баткен элинин, ата - энелериңердин ишеничи чоң деп билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Аталган аскер лицейинин жетекчилери облус башчысына бул окууга өтүүгө чоң жардам бергени үчүн жана бүгүнкү кабар алып, аларга дем бергени үчүн ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий