• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боом капчыгайында таш кулады

Аймак 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Боом капчыгайында таш кулады. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

“Нөшөрлөп жааган жаандан жана катуу шамалдын натыйжасында Боом капчыгайындагы Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 119-чакырымында шагыл жана таш кулады”,-деп айтылат маалыматта.

Чүй облусунун ЖКККББсы айдоочуларды жолдо сак болууга чакырып, ылдамдыкты жогорулатпоону сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий