• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тыгындарды жоюу. Бишкекте унааларды эвакуациялоо уланууда

Коом 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Бишкекте туура эмес токтотулган унааларды эвакуациялоо уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, унаалардын туура эмес токтотулушу жолдордо тыгындарды жаратууда.

Рейдге шаардык кызматтардын, милициянын кайгуул кызматынын өкүлдөрү катышты.

Бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз улантылып, акырындык менен борбордук көчөлөрдөгү бардык башаламан унаа токтотуучу жайлар жоюлат.

Белгилей кетсек, алынган унаалардын ээлери эвакуатордун кызматына 1250 сом, унаа токтотуучу жайга 100 сом, административдик айыпка 1000 сом төлөшү керек.

Шаардык мэрия жарандардан унааларды уруксат берилбеген жайларга токтотпоону суранат, антпесе муниципалитет эвакуациялоо чараларын көрүүгө, ошондой эле айыппул салууга мажбур болот.

Пикир

Оставить комментарий