• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эгемендүүлүк күнү. Мэриядан Бишкекте кандай иш-чаралар өтөрүн айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынан 31-август - Эгемендүүлүк күнүндө борбор калаада кандай иш-чаралар өтөрүн айтып беришти.

Маалыматка ылайык, 31-августта кечки саат 19.00дө борбордук «Ала-Тоо» аянтында эстрада жылдыздарынын катышуусу менен майрамдык концерт өткөрүлөт.

Ленин районунда:

31-августта саат 10:00дө Ак-Өргө, Арча-Бешик жаңы конуштарында, Ю.Фучик атындагы сейил багында - аркан тартыш, ордо, тогуз-коргоол, шашки түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Октябрь районуда:

31-августта саат 10:00дө «Ден-соолук» сейил багында кичи-футбол, волейбол, балдардын жеңил атлетикасы, стритбол, эстафета, ордо, аркан тартыш, таяк тартыш, тогуз коргоол боюнча мелдештер өткөрүлөт.

31-августта саат 10:00дө Д. Асанов атындагы паркында – эстафета, аркан тартыш, таяк тартыш, ордо, тогуз-коргоол, шахмат түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат.

31-августта саат 10:00дө саат 18:00дө аталган сейил бакта тамактардын, музыканын жана суусундуктардын FOODFEST 2023 фестивалы өтөт. Иш-чара Horeca Plus, "Coca-Cola Кыргызстан" тарабынан өткөрүлөт.

31-августта саат саат 15:00дө Ынтымак-2 сейил багында кайрымдуулук жарманке өткөрүлөт (Хенд мейд, тасмаларды көргөзүү, толкинг клаб ж.б.)

Биринчи май районунда:

29-августта саат 10:00дө Бишкек шаардык социалдык стационардык мекемесинде театралдашкан «Кыргыз жерим асыл мурасым» концерттик программа уюштурулат.

31-августта (болжол менен саат 14:00) Кайназарова жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде кичи концерттик программанын коштоосунда балдар аянтчасынын ачылышы пландалууда.

31-августта саат саат 12:00дө «Коломто» муниципалдык мекемесинде майрамдык түшкү тамак уюштурулат.

31-августта саат 10:00дө Калыс-Ордо, Көлмө жаңы конуштарында, Жаштар сейил багында ордо, шахмат, аркан тартыш, тогуз-коргоол, үстөл тенниси түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Свердлов районунда:

30-августта саат 10:00дөн 13:00гө чейин “Каражыгач” сейил багында майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Парктын аймагы шарттуу түрдө 5 зонага бөлүнөт -маданият, көңүл ачуу оюн зооктору, ден соолук жана спорт, чыгармачылык, тамак-аш зонасы, анда бир убакытта майрамдык жана көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт. Чыгармачылык зонасында асфальтка, мольбертке сүрөт тартуу боюнча ар кандай мастер-класстар уюштурулат.

Спорт зонасы- спорттук талаада спорттун 5 түрү боюнча - пионербол, дартс, шашки, шахмат, футбол, тогуз коргоол боюнча спорттук мелдештер өткөрүлөт. Оюн-зоок зонасын уюштуруу үчүн батут орнотулуп, балдар поезди, балдар үчүн автоунаалар каттайт, самокаттарды жана велосипеддерди ижарага алуу уюштурулат.

Маданият зонасында чыгармачыл топтордун майрамдык концерти уюштурулат. Фуд-корт зонасында конокторго тамак-аш уюштуруу үчүн фуд-корт орнотулуп, балмуздак жана улуттук суусундуктар сатылат. Бардык балдарга балмуздак жана сергитүүчү суусундуктар таратылат.

31-августта саат 10:00дө № 11 Орто мектептин базасында, "Каражыгач" багында, Энесай жаны конушунда, Учкун кичирайонунда тогуз коргоол, эстафета, аркан тартыш, ордо, таяк тартыш, кичи футбол, үстөл тенниси боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата билим берүү уюмдарында стенддер орнотулат, класстык сааттар өткөрүлөт. Балдардын чыгармачылык борборлорунда «Мекеним менин Кыргызстан!» деген темада концерттик программалар жана мастер-класстар өткөрүлөт.

Ошондой эле Эгемендүүлүк күнгө карата иш-чаралардын алкагында мал союуга тыюу салуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий