• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө өзгөчө шыктуу балдардын "Акылман" лицейин ачты

Президент 0


Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-августта, Чолпон-Ата шаарында өзгөчө шыктуу балдардын президенттик “Акылман” лицейин ачты.

Президенттик "Акылман" лицейи мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюмунун формасына ээ. Ага кабыл алуу республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин алты классын аяктагандардын арасынан жүргүзүлөт.

Лицейде 400гө жакын окуучу билим алат деп болжолдонууда. Бул кыргыз-англис лицейи болот. Бардык аймактардан окуучуларды кабыл алуу жыл сайын өтүүчү сынактык тандоонун жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.

Мугалимдер дагы сынактык негизде тандалып алынат. 2023/24-окуу жылына балдарды кабыл алуу аяктап, 75 окуучу кабыл алынды. Лицейде окуу, жатакана жана тамактануу акысыз, окуучулар үчүн да, окутуучулар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.

“Акылман” табият таануу, математика жана техникалык билим берүү багыттары боюнча таланттуу окуучуларды тереңдетип окутууну жана илимий жана чыгармачылык потенциалын ачууну, ошондой эле алардын кесиптик билимин өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган кесиптик даярдыгын камсыз кылат.

Салтанаттуу жагдайда мамлекет башчысы чогулгандарды президенттик “Акылман” лицейинин ачылышы менен куттуктап, анда өлкөнүн бардык аймактарынан сынактын жыйынтыгы менен тандалган шыктуу жана таланттуу балдар чогуларын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстанда таланттуу балдар арбын экенин сыймыктануу менен белгиледи.

Ал “Кут бир келет — бакпасаң кетип калат, бак бир конот — үйлөсөң өчүп калат” деп айткан Жусуп Баласагындын сөздөрүн келтирип, президент дал ошондой шык, талант, жөндөмдү бага билип, ага астейдил мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи. Бүгүнкү күндө таланты, жөндөмү менен айырмаланган балдардын өзгөчөлүгүн өркүндөтүү маселеси илимде дагы өтө актуалдуу болуп турган учур.

“Мына ошондуктан, өлкө аймагындагы мындай таланттуу балдарыбызга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекетибиздин негизги милдети, башкы саясаты катары саналат. Мамлекет камкордукка алып, атайын лицей уюштуруу менен мындай балдардын акыл-ой чабыттарын ачуу, өзгөчө ыкмаларды колдонуу аркылуу андан ары өркүндөтүү жалпы билим берүү тармагына эле эмес, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, келечек муундун туура багытта тарбияланышына баа жеткис салым болот деп эсептеймин. Өлкөбүздүн булуң-бурчунда байкалбай жүргөн, катылып жаткан зээндүү балдарды таап, өзгөчө камкордукка алууну колго алсак, мамлекетибиздин жаркын келечеги камсыздалат десек да жарашат”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы чыгармачыл, интеллектуалдык, академиялык шык-жөндөмдүү балдарды ача билип, билим берүүнүн жаңыча жолуна түшүү - мезгил талабы экенине көңүл бурду. Бул максатта мектеп окуучулары арасында ар кандай кароо-сынактарды, билимин аныктоочу олимпиадаларды системдүү түрдө уюштуруп туруу негизги иш-чарага айланышы зарыл. Ааламдашуу доорунда ар бир бала уникалдуу.

“Акылман” мектебине өткөн окуучулар күнүмдүк турмуштун башка иштери менен алагды болбой, кесипкөй мугалимдердин көзөмөлүндө лицейде күн-түнү бир багытты, бир максатты көздөп, ийне менен кудук казгандай билим алышат деген үмүтүм чоң.

Кудай тилегибизди берип, “Акылман” лицейи ийгиликтүү иштеп баштаса, мындай билим уялары дагы кулачын жаят”, - деп ишендирди президент.

Лицейдин эмгек жамаатына кайрылып, Садыр Жапаров алардын ааламдашуу доорундагы ролун жана жоопкерчилигин белгиледи. Окутуучуларда өзгөчө ыкма, жаңыча мамиле менен бөтөнчө шыктуу балдардын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, туура тарбия, терең билим берүү озуйпасы турат.

“Президенттик лицейдин ачылышы менен бүт республиканын көңүлү сиздердин мектепте, сиздердин иште, сиздер окуткан балдарда болот. Силер окуткан окуучулар бир лицейдин эмес, жалпы Кыргызстандын сыймыгы болушу керек. Андыктан, күн-түнү изденип, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтеп, конкреттүү натыйжа чыгарасыздар деген ойдомун.

Дүйнө агымына жараша “Акылман” лицейинде математика, физика, химия, биология предметтерине басым жасоо мерчемделүүдө. Сабактарды англис тилинде окутуу дагы максатка ылайык деп турабыз. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө тарбия маселеси дагы өзүнчө бир көйгөйгө айланып баратканын эске алып, бул билим уясында улуттук нарк-насилге, таалим-тарбияга чоң маани берилерин баса белгилеп кетейин”, - деген мамлекет башчысы интеллектуалдык, илимий жана чыгармачыл дарамети бар өзгөчө зээндүү балдарды тарбиялоо “Акылман” лицейинин миссиясы экенин кошумчалады.

Сөзүнүн соңунда президент Садыр Жапаров саналуу күндөрдөн кийин өлкө үчүн эң кымбат саналган Эгемендик майрамын белгилегени турганыбызды эске салды. Эгемендигибиздин пайдубалын дал ушул ата-бабаларыбыздын жолун улаган, нарк-насилин туу туткан, заман агымына жараша жаңыча ой жүгүртө билген, акылы толук, билими жетик, мекенчил жаштарыбыз бекемдейт.

Мамлекет башчысы окуу класстарын, ашкананы, лабораторияларды, окуучулар жана мугалимдер жашай турган жатаканаларды көрүп чыкты. Садыр Жапаров ошондой эле мугалимдер жамааты жана окуучулар менен баарлашып, балдарды жакшы окууга жана кийинки жашоодо пайдалуу терең билим алууга умтулууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий