• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо боюнча жарлыктарга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР Жогорку сотуна 1, Чүй облустук сотуна — 2, Жалал-Абад облустук сотуна — 4, Ош облустук сотуна — 7 жана Ысык-Көл облустук сотуна — 4 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген.

2019-жылдын 4-апрелинде Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна 12 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы 6 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү соттордун 12 талапкери боюнча Жарлыктарга кол койду.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 12 талапкер дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

— Чүй облустук сотуна — Абдырасулов Нурдин Азизбекович, Жамангулов Жыргалбек Жамангулович;

— Жалал-Абад облустук сотуна — Айтмырзаев Нурлан Жээналыевич, Калыбеков Улукбек Жолдошович;

— Ош облустук сотуна — Абдугапаров Алмаз Абибулаевич, Дүйшеев Эркин Турдумаматович, Жобонов Койчубек Касымович, Жунусов Шарипбек Топчубаевич, Закиров Самарбек Жанышевич, Мадмарова Эльнара Абдувалиевна;

— Ысык-Көл облустук сотуна — Аманов Канат Аманович, Пазылов Эркин Шайлообекович жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий