• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто студент кыз жатакананын 3-кабатынан боюн таштаган

Кырсык 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Оштун түштүк - чыгыш тарабында жайгашкан жатаканалардын биринин 3-кабатынан студент кыз боюн таштаган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 11-апрелде болжол менен кечки саат 20:30да болгон.

"Кыздын акыреги сынган. Учурда кошумча диагностикадан өткөрүлүүдө. Өмүрүнө коркунуч жок. Тергөөнүн алгачкы версиясына жана алынган көрсөтмөгө ылайык, жакын адамы менен телефон аркылуу урушуп кетип, боюн таштап жиберген", - деп айтылат маалыматта.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий