• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө 200дөн ашуун адам тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөөгө куткаруучулар жана укук коргоо органдарынан жалпы 224 адам чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалматка ылайык, бүгүн таң эрте Аламүдүн капчыгайында издөө-куткаруу иштерин көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев барды.

Анын жетекчилиги менен куткаруучулар топ-топко бөлүнүп, тоо беттерине, суу жээктерине, коктулардан издөөгө чыгышты.

Учурда жалпы 184 куткаруучу 7 учкучсуз учуучу аппарат (дрон) жана 9 техника менен тартылды. Ошондой эле “Инсараг” издөө-куткаруу тобунун 5 куткаруучусу 4 учкучсуз учуучу аппараты, 1 техникасы менен, ал эми Ички иштер министрлигинен 30 кызматкер, жалпы 11 учкучсуз учуучу аппарат жана 11 техника тартылып, 224 адам издөөгө чыкты.

Эске салсак, 2024-жылдын 16-январында Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.у.М. аттуу адам дайынсыз экендигин туугандары билдиришкен.

Издөө иштери боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий