• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Президент 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна 1 талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 1 талапкер, Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын айрым жергиликтүү сотторуна 19 талапкер боюнча.

2020-жылдын 30-январында Мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен маектешүү өткөргөн. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти судьялык кызматка 13 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.

Мамлекет башчысы 8 талапкер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна 1 талапкер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарып берди.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматтарына 13 талапкер боюнча Президент Сооронбай Жээнбеков чыгарган Жарлыктарга ылайык, дайындалган судьялар милдетин өтөөгө төмөнкү сотторго жиберилди:

Ош облусу:

—Ош облустук сотуна: Кыдырбаев Жаркынбек Садирбекович;

—Өзгөн райондук сотуна: Жоробаева Гульнархан Чырмашовна;

—Ош шаардык сотуна: Абдыразаков Нурлан Тажибаевич;

Бишкек шаары:

— Свердлов райондук сотуна: Чикеева Жамиля Марсбековна;

Жалал-Абад облусу:

— Аксы райондук сотуна: Жантороева Элнура Мурадиловна;

— Сузак райондук сотуна: Токтосунов Надырбек Ташмурзаевич;

Чүй облусу:

— Аламүдүн райондук сотуна: Мусаева Айке Рахманбердиевна;

Ысык-Көл облусу:

— Ак-Суу райондук сотуна: Мамыров Эльдарбек Джекшебаевич;

— Каракол шаардык сотуна: Акыев Каныбек Арзыбекович;

Талас облусу:

— Бакай-Ата райондук сотуна: Эгембердиева Ойниса Муратхановна;

— Манас райондук сотуна: Тилемишов Азамат Жайчыбекович;

— Талас шаардык сотуна: Султанов Эсенбек Ахматкулович;

— Талас райондук сотуна: Акылбеков Тариэл Назирдинович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий