• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ысык-Көлдө "Хизб-ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун жактоочулары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.08.23./Кабар/. Ысык-Көл облусунун тургундарынын арасынан тыюу салынган "Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун жактоочулары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК менен Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, тыюу салынган "Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү жактоочулары Ысык-Көл облусунун тургундары А.Ж.К. жана Б.И.С. аныкталды.

Алар Ысык-Көл облусунун Түп райондук соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратууда" беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Пикир

Оставить комментарий