• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маморгандардын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын Баткенге которууда. Тизме

Коом 0

Бишкек, 22.09.22. /Кабар/. Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам Баткенге жардам берүү үчүн атайын эсеп ачылып, гуманитардык жардам жөнөтүлүүдө.

Мамлекеттик органдардын кызматкерлери дагы четте турбай Баткенге жардам катары бир күндүк эмгек акысын которууда.

Алар:

- Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери;
- Саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери;
- Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери;

-"Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин эмгек жамааты;
- Жогорку Кеңештин депутаттары;
- "Манас" эл аралык аэропорту;
- Нарын облусу боюнча мекеме-ишканалардын кызматкерлери;
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;
- Экономика жана коммерция министрлиги;
- Мамлекеттик салык кызматы;
- Айыл чарба министрлиги;
- Билим берүү министрлиги;
- Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы;
- Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
- Президенттин администрациясы;
- Соттук системанын кызматкерлери;
- Улуттук статистика комитети;
- Тышкы иштер министрлиги;
- Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду;
- Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
- Кыйноолорду алдын алуу борбору;
- Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматы;
- “Айыл Банк” ААК;
- “Кыргызиндустрия” ААК;
- “Кыргыз темир жолу” ишканасы;
- “Ош шаардык жолдор” ишканасы;
- Инвестиция боюнча улуттук агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелеринин жана калкты тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети;
- Энергетика министрлиги;
- Каржы министрлиги;
- Кыргыз улуттук университети;
- Бишкек мамлекеттик университети;

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу кайрымдуулук жардамдарын которуу үчүн бирдиктүү эсептин реквизиттери:

Алуучу: президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты.

Алуучу банк: МФКР Борбордук Казыналыгы Казыналык системасындагы алуучунун эсеби: 4409021103005073 БИК 440902 - (МКП, ВКП) БИК 440001 – банктар аркылуу Комбанктар аркылуу алуучунун эсеби: 1352119929762602 Алуучу банк: «Айыл Банк» ААК БИК 135001 Төлөмдүн багыты: Баткен окуяларында жабыркагандарга жардам Төлөм коду: 14411100

Пикир

Оставить комментарий