• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абадда окуучулар Баткенде турак жайы өрттөнгөн үй-бүлөгө жардам берди

Коом 0

Бишкек, 22.09.22./Кабар/. Жалал-Абадда окуучулар Баткенде турак жайы өрттөнгөн үй-бүлөгө жардам берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы Кадыр Закиров атындагы №2 орто мектебинин окуучулары Баткенге жардам чогултуу үчүн атайын кутуча орнотуп, ага ыктыярдуу окуучулар акча салышкан.

Топтолгон 12 миң 720 сомду мектеп директору Нуриса Мараимова чек арадагы чырда үйү өрттөнгөн үй-бүлөгө тапшырды.

Учурда ал үй-бүлө шаардагы турак жайлардын биринде убактылуу жашап жатат. Алардан шаар мэри Эрнисбек Ормоков өзү да кабар алып, зарыл болгон бардык каражаттар, азык-түлүктөр менен камсыздоо тапшырмасын берген.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий