• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогулда жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Токтогулда жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан аталган райондун Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө КР Жер кодексинин жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын талаптарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-мартындагы жана 7-апрелиндеги чечимдери менен айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлеринен А.К., Ж.С. аттуу жарандардын ар бирине 0,30 га жер тилкеден менчиктерине берилгендиги аныкталган.

Жогорудагы чечимдердин негизинде «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токтогул райондук бөлүмү тарабынан 2015-жылдын 26-февралында жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилген.

Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн чечимдерин жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токтогул райондук бөлүмү тарабынан берилген мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө Жалал-Абад облусунун Административдик сотуна доо арыздар келтирилип, соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыздар канаатандырылган.

Райондук прокуратура тарабынан Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысына жогорудагы 1 млн 202 миң сомго бааланган 0,60 га жер аянтын баланска алуу тууралуу талап келтирилип, аталган жер тилкелер айыл өкмөттүн балансына кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий