• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖЭБдеги авария. Төрага жабыркагандардан кабар алып, алардын туугандары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.02.24./Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарынын жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепетинен жабыр тарткан адистерден кабар алды.

Ошондой эле туугандары менен жолугушуп, баарлашты.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берди.

Төрага Нурланбек Шакиев керектүү медициналык жардамдар толук көрсөтүлүшү керектигин белгилеп, Жогорку Кеңеш жылуулук борборундагы жагдайды жөнгө салууга багытталган аракеттерди да көзөмөлгө аларын билдирди.

Иш учурунда жабыр тарткан кызматкерлердин тез арада сакайып кетиши үчүн Төраганын резервдик фондунан да каржылык жардамдар көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Муну менен катар бүгүн бейтаптарды дарылоого көмөктөшүү максатында Түркиядан атайын адистер келгенин кабарлады.

Пикир

Оставить комментарий