• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ШКУга мүчө мамлекеттер терроризмге каршы биргелешип күрөшүүнү чечти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Астана шаарында 2017-жылдын 9-июнунда кабыл алынган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Аталган келишим экстремизм менен күрөшүү жаатындагы учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга каршы натыйжалуу аракеттенүүгө жол ачат. Мындай конвенция Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңеши тарабынан кабыл алынган. Конвенция Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыкчам иликтөө, тергөө сындуу иш-аракеттердин алкагында алдын алуу, экстремизмге биргеликте каршы аракеттенүү, укуктук жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү өз ара механизмдерин түзүп, экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы тараптардын мыйзамдарын бирдейлештирүүгө жол ачат.

Пикир

Оставить комментарий