• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Жумабеков баштаган делегация Түркиядагы «Кыргыздар күмбѳзүнө» зыярат кылышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасына жасаган расмий сапары учурунда Изник шаарындагы Кыргыздар күмбөзүнө зыярат кылып, куран окутушту. Түркиянын тарыхый мурастарынын бирине кирген бул күмбөздө 1331-жылдары түрк боордошторго Изникти каратып алууга жардамдашкан кыргыз жоокерлеринин сөөгү коюлган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кыргызстандан барган делегацияны шаардын мэри Каган Мехмет Уста жана аймактык жетекчилер тосуп алды. “Изник шаарындагы Кыргыз күмбөзү Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы жүздөгөн жылдарга созулган бекем достуктун символу болуп калды. Биздин ата-бабаларыбыз бири-биринен эч качан жардамын аяган эмес. Мындан кийин дагы эки өлкө ортосундагы боордоштук мамилебиз улана берет” – деди Төрага Д.Жумабеков.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын Түркия республикасына расмий сапары 15-июлдан 18-июлга чейин уланмакчы. Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.

Пикир

Оставить комментарий