• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сапар Исаков өзүнүн жаңы программасын жана өкмөттүн курамын сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.08.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Премьер-министр кызматына талапкер катары көрсөтүлүп жаткан Сапар Исаков өзүнүн министрлер кабинетин тааныштырды.

Ал бүгүн көпчүлүк коалициясынын жыйынында, биринчи вице-премьер-министр кызматына Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов көрсөтүлүп жатканын билдирди.

“Ал кризис маалында өзүн жакшы менеджер катары көрсөтө алды. Ошондой эле, экономикалык маселелер боюнча вице-премьер кызматына Дүйшөнбек Зилалиевдин талапкерлиги сунушталып жатат. Вице-премьер Чолпон Султанбекова өз ордунда калат. Күч түзүмдөрүн көзөмөлдөгөн вице-премьер кызматына Темир Жумакадыровдун талапкерлиги каралууда”,- деди Исаков.

Андан сырткары, өкмөттүн аппарат жетекчисине Нурханбек Момуналиев көрсөтүлдү, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өз ордунда калат. Экономика министри кызматына 30 жаштагы Артем Новиковдун талапкерлиги сунушталууда.

Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы кызматына Улан Рыскуловдун талапкерлигин, Нурбек Абаскановдун талапкерлигин болсо Мамлекеттик байланыш комитетинин башчылыгына болжошууда.

Калган өкмөт мүчөлөрү өз орундарында калышат.

Ошондой эле Сапар Исаков өзүнүн программасы тууралуу кыскача айтып берди.

“Аталган программа ар бир жаранга түшүнүктүү болгудай иштелип чыкты. Биз аны эки бөлүккө бөлдүк. Сандарды көрсөтүп ага түшүндүрмө бердик. Менин оюмча бул программа ишке ашат. Биз буга ишенебиз. Ал эки үч күндө эмес, бир айда жазылды. Бизди алдын ала даярданды деп ойлобогула. Президенттин буйругу менен 2040-жылга карата стратегиянын алкагында 5 жылдык программа иштелип чыккан”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий