• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абдывахап Нурбаев Малайзиянын ишкерлери менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.02.18 /Кабар/. 27-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Малайзиянын Орто жана чакан ишкерлер ассоциациясы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы билдирди.

Малайзияга болгон иш сапар учурунда эл өкүлү аталган ассоциациянын Президенти Майкл Канг Хуа Кеонг менен жолугушту. Анда эл өкүлү үчүн Малайзиядагы чакан жана орто ишкерлердин ролу боюнча презентация сунуш кылынды. Ошондой эле жолугушууда Малайзиянын мамлекеттик түзүмдөрүнүн жеке секторлор менен өз ара кызматташуусу тууралуу да пикир алмашуулар болду.

Мындан сырткары, кыргыз делегациясынын башчысы Абдывахап Нурбаев Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы боюнча кеңири маалымат берип, эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү, потенциалдары боюнча өз ою менен бөлүштү. Соңунда кыргыз парламентинин депутаты Малайзиянын Орто жана чакан ишкерлер ассоциациясын Кыргызстанга иш сапар менен келип, тажрыйба алмашып кетүүгө чакырды.

Аталган жолугушуу кыргыз ишкерлери үчүн ишкерлик жаатында тажрыйба алмашып, өз ара кызматташууга, жаңы байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Пикир

Оставить комментарий