• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери алдамчылык фактысынын бетин ачышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.02.18 /Кабар/. Ушул жылдын 27-февралында Биринчи май РИИБне “Ринат” аттуу жаран жабырлануучунун ишинимине алдоо жолу менен кирип, анын 551 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алгандыгы тууралуу арыз менен Бишкек шаарынын жашоочусу (аял киши) кайрылган.
Бишкек ШИИББ басма сөз кызматы билдиргендей, жабырлануучу арызында төмөнкүдөй түшүндүрмө берген:
Жабырлануучуга өзүн “жогорку кызматтагы адамдын” шоопуру катары тааныштырып, алдоо жолу менен арыз ээсинин ишеничине кирип, Казакстан Республикасынын абактарынын биринде жазасын өтөп жаткан агасын өз өлкөсүнө экстрадициялоого убада берип, жарым миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган.
Бул факты боюнча Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Биринчи май райондук милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иштери жүрүп, натыйжада Нарын облусунун 1979-жылы туулган А.у.Р. аттуу жашоочусу кармалган.
Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий