• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Сейил бактарда курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берген фактылар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Сейил бактарда, жол жээгиндеги көрктөндүрүү аймактарында имараттарды жана башка курулмаларды курууга уруксат берген фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) маалымат кызматы билдирди.

УКМК өткөргөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, "Бишкекбашкыархитектура" ишканасы, Мамлекеттик архитектура агенттигинин мамлекеттик экспертизасы, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана ӨКМдин кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылары аныкталды.

"2019-жылдын август айында Ахунбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу курулуштардын уруксат документинде мыйзамдын талабында көрсөтүлгөн талаптарды одоно бузуу фактысы аныкталган. "Айлана-чөйрөнү коргоо" жана "Экологиялык экспертиза жөнүндөгү" мыйзамда сейил бактарда, скверлерде, турак үйлөрдө, жол жээгиндеги көрктөндүрүү аймактарында имараттарды жана башка курулмаларды долбоорлоо, куруу, суу коргоо зоналарынын чегинде ага ылайык имараттарды долбоорлоого жана курууга тыюу салынган", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 22-октябрда аталан иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча катталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын арасынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат

Пикир

Оставить комментарий