• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК төрагасы ТүркПАга мүчө-өлкөлөрдүн парламент жетекчилеринин бейформал жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков башында турган парламенттик делегация Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясына (ТүркПА) мүчө-өлкөлөрдүн парламент жетекчилеринин бейформал жыйынына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга Түркия, Азербайжан, Казакстан парламенттеринин жетекчилери да катышты. Тараптар үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Түркиянын Измир шаарында өтүүчү ТүркПАнын тогузунчу пленардык жыйынына карата даярдык маселелерин талкуулады.

Эске сала кетсек, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия парламенттеринин жетекчилери кол койгон Стамбул келишиминин негизинде түзүлгөн. ТүркПА түрк тилдүү мамлекеттердин орток тил, тарыхый жана маданий биримдигине негизделген.

Пикир

Оставить комментарий