• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ч.Турсунбеков: "Жеке ишкерчиликти өнүктүрүү аркылуу, өлкө экономикасын чыңдай алабыз"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21-май /Кабар/. Кечээ, 20-майда Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Ош облусунун Араван районуна караштуу Маңгыт айылындагы 50 орундуу оорукананын курулушунан кабар алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, имараттын 80-90 пайызы бүтүп калганы менен каражаттын толук бөлүнбөй жаткандыгынан улам, пайдаланууга берилбей жатканын айткан курулушту жүргүзгөн "ППА" ЖЧКсы Төрагадан маселени чечүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Ал эми Төрага Чыныбай Турсунбеков аталган маселе парламенттин тармактык комитеттеринде карала тургандыгын белгилеп, жетишсиз болгон 18 млн. сомду тез арада бөлүп берүү үчүн тиешелүү министрликтерге протоколдук тапшырмалар берилерин билдирди. Ошондой эле Төрага иш сапарды коштоп барган Өкмөт өкүлдөрүн ушул сыяктуу курулушу кечеңдеп жаткан социалдык мекемелерди тез ара бүткөрүүгө чакырды.

Иш сапар андан ары Араван районундагы тоок фермада уланып, Төрага Чыныбай Турсунбеков чарбанын иши менен таанышты. Элет жериндеги мындай ишкерчиликти жергиликтүү бийлик колдоого алыш керектигин айткан Төрага: "Айыл чарба тармагын өнүктүрүү аркылуу өлкө экономикасын өстүрө алабыз. Андыктан Өкмөт жеке секторлордун, айрыкча жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн колдоого алуу менен аларга бардык шарттарды түзүп бериши керек.

Ал эми Жогорку Кеңеш экономика тармагынын жана ишкерчилик чөйрөсүнүн өнүгүшүн камсыздаган мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алууга даяр", - деди. Ошондой эле ЕАЭБге киргенден кийин мурдагыдай реэкспорттук мүмкүнчүлүктөр азайгандыгы менен ата мекендик өндүрүштү күчтөндүрүүгө жакшы шарттар түзүлгөнүн белгилеген Чыныбай Турсунбеков Араван районундагы бул тоок фермасы сыяктуу кичи өндүрүш ишканаларды өлкөнүн бардык аймактарына ачуу керектигин кошумчалады.

Белгилүү болгондой, 2015-жылы ишин баштаган аталган фермада эт багытында тооктор багылат. Ферма жетекчиси Ташматова Жумагүл, ишкананын курулушуна 18,0 млн. сом жеке инвестиция тартылганын маалымдап: "Ферма он беш миң баш тоокко эсептелген жана курулуштары эки гектардан ашык жерди ээлейт. Алсак, 2015-жылдын ноябрь-декабрь айларында 5000 баш жөжөнү багып, 5 тонна тоок эти өндүрүлдү. Тагыраагы, 800 миң сомдук тоок этин саттык. Ал эми 2016-жылы 27,4 тонна же 4 млн 155,6 миң сомдук тоок этин өндүрдүк" - деди. Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө бул тоок фермада 12 жумушчу иштейт.

Пикир

Оставить комментарий