• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков энелерди куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Энелер күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

"Урматтуу энелер!

Ардактуу апалар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан ааламга жаз күнүндөй мээрим чачкан Энелер күнү менен куттуктайм!

Эне - жашоо булагы, өмүр тиреги. Эне тогуз ай боюна көтөрүп, жарык дүйнөгө алып келген наристесин эрезеге жеткичекти канатына калкалап, ал үчүн баардыгына даяр. Эне мээрими баардык жакшылыктарга шериктеш болуп, кубанычтарга кубаныч кошот. Анын күлүмсүрөгөн жүзү жан дүйнөгө жылуулук тартуулап, жер шарын ырыс-кутка бөлөйт.

Байыртадан бери элибиз бейишти эненин таманынан издеп, аялзатына урмат менен мамиле кылууну адамзаттын башкы милдети деп билген. Кылым карыткан кыргыз эли кызды төрдөн төмөн түшүрбөй, төбөсүнө үкү байлап, аздектеп өстүрүшкөн. Суук сөздөн, жаман көздөн оолак кармап бөпөлөп багышкан. Анткени болочоктогу эне болчу кыз баланы улуттун уӊгусу катары карап, урпак улоочу деп санашкан. Өзгөчө биздин эл аялзатынын даражасын үй-бүлөдө гана эмес, коомдук деӊгээлде да эркектер менен теӊ көрүп, күчтүү эр азаматтын артында, акылы тунук, касиеттүү эне турарына ишенишкен. Ошондон улам кыргызда Кыз Сайкалдай, Жаӊыл Мырза, Курманжандай апалар арбын чыккан.

Бүгүнкү күндө да энелерибиз бир үй- бүлөнүн гана жүгүн көтөрүп, очогун жандырбастан, жалпы мамлекетти алга сүрөп келет. Мамлекетибиздеги баардык тармактарда жигердүү кызмат кылып, балдарына да татыктуу тарбия берүү менен алек. Коомдогу жаӊылануулардын жана ийгиликтердин да башында энелерибиз турары айдан ачык. Демек, Кыргызстаныбыздын келечеги кеӊ.

Өмүрдүн туткасы, бейиштин ачкычын жүрөгүнө сыйдырып, ааламда жок мээримди көӊүлүнө батырган аррдактуу энелер аман болуӊуздар!

Дагы бир жолу сиздерди майрамыӊыздар менен куттуктап, узун өмүр тилейм. Аруулугуӊуздар ааламды сактап, кайратыӊыздар жер шарына дем-күч берсин. Мамлекетибизде тынчтык болуп, эч бир эненин көз жашы акпасын! Өлкөбүз өнүгүп, апаларыбыз улуттун урпагын улай берсин. Балдарыӊыздар аман болуп, очогуӊардан от өчпөсүн! Түндүгүӊөр түшпөй, түйшүктүү энелик милдетиӊиздер уул-кыздарыӊыздардын ийгилиги менен кайтсын! Кудайым сөөлөттүү жаштык, дөөлөттүү карылык берсин!"

Пикир

Оставить комментарий