• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Жогорку Кеңетин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирет.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев канатташ жашаган боордош эки элдин тарыхый байланышы терең экенин белгилеп: “Акыркы жылдары мамлекеттер аралык алакабыз жигердүү өнүгүп, аймактар ортосунда да кызматташтык колдоого ээ болуп келет. Мындан ары да байланыштарыбызды арттыруу жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз арбын. Андыктан калыптанган бир туугандык жана коңшулук мамилелерди биргелешип өнүктүрүүбүз кажет”, – деди.

Өз кезегинде Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Муну менен катар эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү өөрчүтүү жаатындагы пикири менен бөлүштү.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган делегация Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарына катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына барган.

Делегациянын курамында депутаттар Искендер Матраимов, Аида Исатбек кызы, Алишер Козуев, Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Жылдыз Таалайбек кызы жана Талайбек Масабиров бар.

Пикир

Оставить комментарий