• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-казак парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Кечээ, 27-апрелде КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты жана көп тараптуу платформалардагы өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча талкуу болду.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу темасына токтолушту.

Мындан тышкары, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу автоунаалардын өтүүсүнө байланышкан кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

«Биз бир тууган өлкөлөрбүз жана биздин мамилелерибиз союздаш. Казакстан менен жакшы коңшулук жана конструктивдүү мамилелерди өнүктүрүү тышкы саясаттагы биздин артыкчылыктуу багытыбыз болуп саналат. Бизде ар кандай маселелерди эки тарапка тең пайдалуу шарттарда иштөө тартибинде чечүүгө толук мүмкүнчүлүк бар», - деди депутат.

Чыңгыз Айдарбеков санитардык-эпидемиологиялык абалдын нормалдашуусу менен парламенттер аралык байланыштар жанданганын канааттануу менен белгиледи. Жакын арада комитеттердин жыйынын өткөрүү сунушталды.

Өз кезегинде, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимге негизделген кызматташтыктын жогорку деңгээлин баса белгиледи. Ал казак тараптын бардык багыттар боюнча кызматташууну чыңдоого кызыкдар экенин билдирип, бардык пайда болгон маселелерди тез арада чечүүгө даяр экенин айтты. Ал парламенттер аралык алакаларды кеңейтүүгө даяр экендигин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий