• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы көбөйүүдө – премьер-министр

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Өкмөт үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысын көтөрүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтуусу боюнча, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана үй-бүлөлүк медайымдардын индикаторлор боюнча жетишкендиктерине карата орточо айлык акысы 15 миң 387 сомдон 27 миң 492 сомго чейин көтөрүлдү.

“Медайымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын ортоңку персоналдарынын айлыгына 30% кошумча үстөк кошулду, 17 оорукана 1,2 млн долларлык жабдык менен жабдылды, 148 млн сомго 5 объектте оңдоо-куруу иштери аяктады, Улуттук онкология жана гематология борборунун аймагындагы оңдоо-куруу иштери бүтүп, 50 млн сом сарпталган. 21 ФАП, 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 83,7 млн сом салынды. Ош шаарында көп профилдүү шаардык оорукана курулду”, - деди Абылгазиев.

Андан тышкары өкмөт башчысы билдиргендей, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ борборлору ачылып, кыргыз-түрк достугу ооруканасынын курулушу аяктады. Дары-дармектерге байланышкан мыйзамдарды ишке ашыруу максатында өкмөт өзүнүн 7 токтомун чыгарды, жашоого маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесин бекитти.

Пикир

Оставить комментарий