• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеш депутат Бакытбек Жетигеновду жоопко тартууга макулдук берген жок

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-декабрдагы парламент жыйынында парламент депутаты Бакытбек Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө башкы прокурордун сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча баяндама жасалды.

Комиссиянын төрайымы, депутат Айсулуу Мамашова прокуратуранын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы каралып чыкканын белгилеп: “Бирок кылмышка жүйө катары алынган аудиотасмалардан бийликти күч менен басып алууга байланышкан чакырыктар табылган жок. Андан тышкары, Бакытбек Жетигенов жолугушууларды уюштурган эмес, аны депутат катары гана чакырышкан. Тескерисинче ал азыркы аракеттеги бийликтин саясатын колдоого үндөгөн”, – деди.

Андыктан депутаттык комиссия аты аталган депутатты мыйзам талаптарына ылайык камактан токтоосуз бошотууну сунуштаганын маалымдады.

Жыйынтыгында комиссиянын маалыматын эске алуу менен Бакытбек Жетигеновду кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартуу тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Эскерте кетсек, Айсулуу Мамашова төрагалык кылган депутаттык комиссиянын курамында Евгения Строкова (КСДП), Авазбек Абдугапаров (“Республика-Ата-Журт”), Канатбек Исаев (“Кыргызстан”), Алмазбек Токторов (“Кыргызстан”), Тазабек Икрамов (“Өнүгүү-Прогресс”) Мамасадык Бакиров (“Бир Бол”), Эмиль Токтошев (“Ата-Мекен”), Бактыбек Райымкулов (“Республика-Ата-Журт”) жана Каныбек Иманалиев (“Ата-Мекен”) жана Аманкул Токтомамбетов (“Бир Бол”) бар.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук соту Жетигеновду 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздантып, андан кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий