• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улукбек Марипов салык жана бажы кызматтары эмне болорун айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Салык жана бажы кызматтары Экономика жана Финансы министрликтеринин түзүмүндө болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов билдирди.

Ал бир чоң блокто киреше бөлүгүнө вице-премьер-министр макамындагы бир адам жооптуу болушу керектигин айтты.

Ушул эле министрликке Мамлекеттик мүлк фондун өзүнчө түзүм катары киргизүү пландалып жатат.

Депутат Айсулуу Мамашева Мамлекеттик каттоо кызматы жана Маалыматтык технология мамлекеттик комитети эмне болот деп суроо узатты. Ал бул ведомстволордо санариптештирүү боюнча чоң иштер жүрүп жатканын белгиледи.

“Мамлекеттик каттоо кызматы – бул калктын бирдиктүү реестри, ошол сыяктуу эле биз салык кызматын да санарипке өткөргүбүз келет. Мен Транспорт жана байланыш министрлигинин ортосундагы байланышты көрбөй турам, башкача айтканда, санарип технологиялардын байланышын. Бул жерде санарип технологияны МККга бириктирсе болчудай”, - деди ал.

Марипов бул сунуш эске алынарын билдирип, учурда өкмөттүн түзүмү гана бекилип жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий