• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулукта квартал башчысы электр энергиясын киргизүү үчүн акча чогултуп, бирок өзүнө короткон

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Сокулукта квартал башчысы электр энергиясын киргизүү үчүн акча чогултуп, бирок өзүнө короткон. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-декабрь күнү Сокулук РИИБине 1980-жылы туулган М.А. аттуу аял арыз менен кайрылып, Ала-Тоо-3 жаңы конушунун мурунку квартал башчысы электр энергиясын киргизүү үчүн андан 25 миң сом алып, убадасын аткарбай акчаны өзүнүн керектөөлөрүнө жумшап салганын билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1969-жылы туулган К.К. аттуу аял кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган аял жогорудагыдай 40тан ашуун фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Анда, шектүү аял жергиликтүү жашоочуларга электр энергиясын тартып келүүнү убада кылып акча каражаттарын чогултуп, кийин каражаттарды өзүнүн керектөөлөрүнө жумшаганы маалым болгон.

Кармалган аял Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий