• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кумтөр” иши. Шаардык сот Данияр Нарымбаевди камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин кылмыш иши каралды.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, шаардык сот Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Аппеляциялык азырдануулар канааттандырылган жок.

Эскерте кетсек, Нарымбаев "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруудагы коррупцияга факты боюнча 9-июнда кармалган.

Белгилей кетсек, буга чейин “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактыларга шектелип Кыргызстандын экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаевдер кармалган.

УКМК “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш иш козгогон. Кийинчерээк министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компани” компаниясына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.

Пикир

Оставить комментарий