• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекке газ менен иштеген 60 жаңы автобус алып келинди

Президент 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Бишкек шарынын күнүнө карата борборго газ менен иштеген 60 жаңы автобустар алып келинип, жакын арада алар жүргүнчүлөрдү ташый баштайт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн өзү автобустардын абалын текшерип, калаа башчысы Азиз Суракматов жана автобустардын жаңы айдоочулары менен маектешти.

Жаңы автобустар бүгүн "Ала-Тоо" аянтында токтотулду.

Президент жаңы транспорттордун абалын текшерип, электрондук билет таратуунун схемасы менен таанышты. Жээнбеков электрондук билет системасын киргизүү процессин ылдамдатууну тапшырды. Ал келечекте кирешени көбөйтөт жана борбордук автопарктта экологиялык жактан таза транспорттордун санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, деди. Анын айтуусу боюнча, бул чаралар өлкөдө ышка байланыштуу маселелерди чечүү жана шаар тургундарына жакшы шарттарды түзүү үчүн абдан маанилүү.

Жаңы автобустар линияга 29-апрель күнү чыгаары күтүлүүдө. Андан тышкары №36 жана №48 жаңы автобустук маршруту түзүлөөрү айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий