• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин төрагалыгы астында өлкөдөгү билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жыйын өттү

Президент 0


Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жыйын болуп өттү, - деп билдирет мамлекет башчысынын маалымат кызматы.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептердеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын Казык” жаңы мамлекеттик программасынын долбоорунун бет ачарын жасады.

Мамлекет башчысы жаңы программа буга чейинки баркы менен мааниси кеткен кезектеги “реформага” айланбай, алдыдагы ондогон жылдарга өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бекем негизин түзүшү керектигин өзгөчө белгиледи. Ал ошондой эле бүгүнкү күндө мектепте мектеп окуучуларынын тагдыры гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин келечеги аныкталаарын билдирди.

“Мектептердеги билим берүү маселесине кайдыгерлик кылууга акыбыз жок. Биз азыр Мекен келечеги, маанилүү улуттук маселелер дал ушул мектепте чечилип жатканын так кесе айтышыбыз керек жана даана, так аңдап-билишибиз абзел”, - деди президент.

Садыр Жапаров эң негизги байлыгыбыз – элибиз, адам капиталыбыз экенин айтып, мамлекет билим берүү максаттарына каражат аябай турганын билдирди.

Мамлекет башчысы адам капиталына инвестиция жасасак, эртеңки күнү 10 эсе эмес, 100 эсе дивиденд алып келерин белгиледи.

Президент акыркы үч жылда жалпы 219 мектеп курулганын, бул мурунку жылдарга салыштырмалуу 3-4 эсеге көп экенин эске салды.

Бирок, жаңы билим берүү мекемелеринин курулушу менен катар президент билим берүү жана илим министрлигине билим берүү программаларын модернизациялоо жана алардын мазмунун жакшыртуу маселелерине артыкчылыктуу түрдө көңүл бурууну тапшырды.

Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин - жол берилгис нерсе деп атады. Былтыр болгону 738 миң нускада 176 миллион сомдук 16 аталыштагы окуу китептери жана 13 аталыштагы методикалык колдонмолор басылып чыкканын белгилеген президент, Министрлер Кабинетине эки жылдык мөөнөттө дүйнөгө таанылган алдыңкы стандарттарга негизделген заманбап окуу китептери менен Кыргызстандын мектеп окуучуларын камсыз кылуу маселесин толук чечүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы мектептерди санариптештирүү процессин тездетүүнүн жана окуу процессине заманбап технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мектептерде чөнтөк телефондорду колдонууга тыюу салган эл аралык практикага көңүл бурууну тапшырды. Садыр Жапаров мектеп окуучуларын окуу процессинен алаксыткан чөнтөк телефондордун пайдасы жана зыяны тууралуу кеңири коомдук талкууну жайылтууга чакырды.

Президент билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын чөнтөк телефондорду колдонуусу окуу процессине терс таасирин тийгизип жатканына көңүл буруп, окуучулардын ата-энелери менен биргеликте туура чечим кабыл алышы керектигин белгиледи.

Жыйындын соңунда мамлекет башчысы Кыргызстанда мектепке чейинки, мектептердеги жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий