• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери наристени куткарып калышты

Коом 0


Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери кызмат учурунда наристени куткарып калышты.

Ведомстводон билдиришкендей, кызматкерлерге тогуз айлык баланын апасы баласына медициналык жардам керектигин жана тыгындарга байланыштуу жеке унаасы менен жетүү үчүн кечигип каларын айтып кайрылган.

Наристе үйдө ойноп жатып дасторкон үстүндө турган уксус аралашмасын ичип алган. Милиционерлер кызматтык унаада баланы кыска убакытта ооруканага жетиришкен.

Видеодо көрүнүп тургандай, кызматкерлер ооруканага баланын ал-акыбалын билүүгө келишкен.

Учурда баланын абалы жакшы.

Пикир

Оставить комментарий