• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров жаштар менен эс алууга тоого чыгууга убада берди

Президент 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын катышуучуларын сыйлоо аземинде жаштардын бир катар суроолоруна жооп берди.

“Кеттик” туристтик фирмасынын негиздөөчүсү Чыңгызхан Токтобаев өлкөнүн кооз жерлерине туристтик маршруттарды уюштурган өзүнүн фирмасы менен тааныштырып, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү жогору экенин белгиледи. Токтобеков президенттен жаштар менен тоого баргыңыз келеби деп сурады?

Садыр Жапаров ал көптөн бери тоого бара электигин айтып, жаштар менен тоого чыгууга даяр экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий