• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Боордош Казакстандын ийгиликтери, социалдык-экономикалык жетишкендиктери, же дүйнөлүк деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашыруу жана эл аралык аренадагы өлкөнүн кадыр-баркын бекемдөөдө болобу, мунун баары Сиз жүргүзүп жаткан көрөгөч саясаттын көрүнүктүү жыйынтыктары. Сиздин кесиптик жана турмуштук бай тажрыйбаңыз дайыма Казакстан элинин колдоосуна татыктуу болгон Сиздин көп кырдуу жана жемиштүү мамлекеттик ишмердигиңиздин бекем негизи болуп саналат”,- деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизденген достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-казак мамилелери бир тууган эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында мындан ары дагы чыңдалып жана өнүгө берет деп ишенет.

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Нурсултан Назарбаевге чың ден соолук, мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми бир тууган Казакстан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий