• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Апрель элдик революциясы күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 07.04.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу кыргызстандыктар!

Бүгүн Апрель элдик революциясына туура 13 жылдын жүзү болду.

Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы Аксы окуясы, Март, Апрель элдик революциялары жана акыркы Октябрь окуялары - өлкө тарыхындагы саясий орчундуу окуялардан болуп калды.

Азаттыкты туу тутуп, ар дайым калыстыкка умтулган өзгөчө касиетти көкүрөгүндө аздектеп алып жүргөн кыргыз эли, аталган бул окуяларда адилетсиз башкарууга караманча каршы болуп, чырмалышкан акыйкатсыз системаны алмаштырууга тикесинен тик турган.

Тилекке каршы, Апрель элдик революциясынын баасы өтө кымбатка турду, 90дой эр-азаматыбыздын каны менен келди.

Карапайым элдин, жумурай журттун азаттыгы үчүн күрөшкөн уулдарыбыздын жаркын элестери жүрөгүбүздө түбөлүккө жашай берет.

Урматтуу агайын-туугандар!

Соңку тарыхыбыздагы бул окуялардан алынуучу эң башкы сабак – адилет башкаруу менен элдин бакубат турмушун камсыз кылуу.

Биз Ата Мекени менен жамы журтунун камын жеп, кара баштарын канжыгага байлап, өмүрлөрүн арнаган атуулдарыбыздын ой-максат, тилектерин, Кудай буйруса, орундатабыз.

Эгемен Кыргызстанда ар дайым акыйкаттык өкүм сүрүп, өлкөбүз өнүгүп, өсө берсин!”

Пикир

Оставить комментарий