• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз". Президент аткаминерлерге эскертүү берди

Президент 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйыны өтүп жатат.

Мамлекет башчысы жыйындын катышуучуларына кайрылып, эскертүү берди.

"Кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө «крыша» болуп, же мамлекетке каршы иштердин аркасында турчу болсоңуздар, эч кимиңерди ушул кезге чейинки кылган бардык сиңирген эмгегиңерге карабайбыз!

Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз. Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар. Текшерүүчү органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура-туура эместигин териштирип, алаканыбызга салып берет.

Ушул жерде отурган бардык жетекчилердин кулагына күмүш сырга: биз кабыл алынган чечимдердын бардыгы сиздердин колдон жалпыланып, анан кабыл алынат.

Алар элдин жакшы жашоосуна да, түйшүккө малынышына да түрткү болот.

Ошондуктан жакшылап терең ойлонулган чечимдердин болушу негизги шарт. Жети өлчөп, бир кесип анан кабыл алып туралы", - деди президент.

Садыр Жапаров өз сөзүндө жүзүбүз ар дайым жарык болсун десеңер эл үчүн, мамлекет үчүн ак дилиңерден таза иштешиңерди катуу талап кылам деди.

"Биз бийликке эл үчүн иштейли деп келдик. Бул максат ар бир министрлер кабинетинин мүчөсүнүн жүрөгүндө болушу керек. Ар бир мамлекеттик кызматкердин жүрөгүндө болушу керек.

Мен жана министрлер кабинети чыгарган чечимдер жалпы элибиздин жашоосунун сапатын жогорулатууга багытталышы керек.

Биздин бардык программаларыбыздын, стратегиялык документтерибиздин өзөгү – элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылуу. Башка маселелерге убакытты да, ресурстарды да коротуп кереги жок”, - деп президент сөзүн жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, учурда президенттин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Анда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулууда.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий