• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамытов: Коопсуздук кеңешинде чек арадагы чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү чаралары талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов депутаттарды кайрадан чогултуп, парламенттин кезексиз жыйыны уланды.

ЖКнын расмий сайтында маалымдалгандай, жыйында Талант Мамытов президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен өткөн Коопсуздук кеңешинде каралган маселелер боюнча кеңири маалымат берди. Белгилүү болгондой, Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө жана чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар талкууланган.

Төраганын айтымында, мамлекет башчысы тиешелүү түзүмдөргө чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Муну менен катар жабыркаган жана эвакуацияланган жарандарга керектүү жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзүлдү. Учурда депутаттар тобу Баткен облусунда жана Ош шаарында иш алып барууда. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми эл өкүлдөрү айтылган сунуш-пикирлерди тийиштүү министрликтерге жана мекемелерге жеткирип, чечүү аракетин көрөт.

Азыр депутаттар өз милдеттерин аткарууну улантууда. Кезексиз жыйын жабылган жок. Тыныгуу жарыяланып, зарылчылыкка ылайык депутаттар кыска мөөнөттө чогулуп турушат.

Пикир

Оставить комментарий