• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖКда Эрлан Абдылдаев ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Абдылдаев Эрлан Бекешович ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ант берүү аземине КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт мүчөлөрү катышты.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Эрлан Абдылдаевди салтанаттуу ант берүү аземи менен куттуктап, анын ишинде ири ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, Эрлан Абдылдаев Өкмөттүн жаӊы курамы ант берген учурда чет өлкөдө иш сапар менен жүргөн. «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий