• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарды атады

Президент 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги байланыштарга токтолду.

Ал билдиргендей, тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттары Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо, элибиздин турмушун жакшыртуу, коомубуздун, ар бир жарандын коопсуздугун камсыз кылуу, өлкөбүздү өнүктүрүү максаттары менен аныкталат.

“Жакынкы коӊшу мамлекеттер — Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен достук жана бир туугандык мамилелерди чыӊдоо — биздин жарандарыбыздын турмушуна оӊ таасирин тийгизет. Бул жагдайды тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары баалайбыз”, деди президент.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө айткандай, союздаш жана стратегиялык өнөктөш болгон — Россия менен ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүү — тышкы саясаттагы өзгөрүүсүз сакталчу приоритет бойдон калат.

“Жакынкы коӊшубуз -Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилебизди жакында эле стратегиялык деӊгээлге көтөрдүк. Кытай менен кызматташуу аркылуу экономикабыздын өнүгүүсүнө, технологиялык жаӊыланууга жетишүү керек”, -деп билдирди ал.

Жээнбеков билдиргендей, алдыда Кыргызстан Түркия, Япония, Корея, АКШ, Европа биримдигине кирген мамлекеттер жана Араб өлкөлөрү менен эки жана көп тараптуу жакшы мамилелерди өнүктүрүүгө аракет кылат.

Пикир

Оставить комментарий