• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрага Нурланбек Шакиев расмий иш сапары менен Өзбекстанга жөнөп кетти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Өзбекстанга расмий иш сапары менен жөнөп кетти.

Парламенттен билдиришкендей, расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Алсак, жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.

Пикир

Оставить комментарий