• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек Жаңы жылды тосууга даярдык көрүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Бишкек 2020-Жаңы жылды тосууга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Бишкекжарыктандыруу” ишканасынын кызматкерлери Ала-Тоо аянтында башкы балатыны кооздоо менен алек.

Ошондой эле шаардын түштүгүндө жайгашкан Ынтымак сейил багында 12 метрлик балаты, Кыргыз улуттук филармониясынын алдында 17 метрлик балаты жана Чыгыш-5 кичи районунда бийиктиги 12 метрге жеткен балаты орнотулуп, кооздолот.

Пикир

Оставить комментарий