• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

10 айда Соцфонддун Call-борборуна 22 миң 495 кайрылуу болгон

Коом 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын январь-ноябрь айларында КР Социалдык фондунун Call-борборуна 22 миң 495 кайрылуу болгон. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Фонд алардын Call-борбору иштеп жатканын белгилеп, 1202 кыска номери аркылуу социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча толук маалымат алууга болорун билдирет.

"Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында Соцфонддун Call-борборуна 17 миң 618 кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 4 миң 877 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий