• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Жумгалда Иманбек уулу Жеңишбектин сөөгү жерге берилди

Коом 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Тажик тараптын Кыргызстанга кол салуусунан курман болгон Иманбек уулу Жеңишбектин сөөгү Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында жерге берилди.

Ал 2000-жылы 9-майда туулган. Үй-бүлөдө 5 бир тууган. 2019-жылдан бери аскерде кызмат өтөп, андан соң келишимдик негизде кызматын уланткан.

"Кабар" маалымат агенттиги шейит кеткен Иманбек уулу Жеңишбектин жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 59га жетти, дагы 185 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий