• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 11-апрелде саат 9:00дөн 22:00гө чейин Ала-Арча дарыясы - темир жол линиясы - Жибек Жолу проспектиси - Жаш Гвардия бульвары; Жаш Гвардия бульвары – темир жол линиясы – Фрунзе - Манас проспектиси; Дэн Сяопин проспектиси – Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү - Кулиев көчөсү - Москва көчөсү - Фучик көчөсү – Казаков көчөсү чектешкен аймакта суу болбойт.

Суу Запад-2 суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий