• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бир күндө туура эмес жерге токтотулган 64 автоунаа айып короосуна киргизилди

Коом 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Бишкекте 9-апрелде жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын алкагында туура эмес жерге токтотулган 64 автоунаа айып короосуна токтотулду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын ичинен жол эрежесин бузуу менен токтотулган унааларга 64 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Эвакуатордун акысы 83 миң 200 сомду түздү.

10 унаанын ээсине жеринен протокол түзүлүп, 10 миң сом өлчөмүндө айып чегерилди.

Башаламан унаа токтотууну иретке келтирүү үчүн шаар бийлиги эвакуаторлорду сатып алды жана менчик эвакуаторлорду да ишке тартууда.

Белгилей кетсек, атайын жол белгиси менен тыюу салынган жерге жана көрктөндүрүү аймактарына токтотулган унааларга айып салынат жана эвакуация болот.

Рейддик иш-чараны калаа бийлигинин тиешелүү кызматтары Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы менен бирге уюштурууда.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясы жана Кайгуул милициясы шаардагы муниципалдык жолдо жүргөн оор жүк ташуучу унааларды аныктап, айып салууда.

Мэрия унааларды тыюу салынган жана жашыл аймактарга токтотпоону өтүнөт. Болбосо, унаа эвакуация болот жана айып салынат.

Пикир

Оставить комментарий